Бүгүн, 4-мартта Бишкек шаардык жана Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери Алмазбек Атамбаевдин тууганы Акылбек Асаналиевдин үйүндө тинтүү жүргүзүштү. Бул тууралуу Акылбек Асаналиев «Апрель» телеканалына өзү билдирди.
Маалыматка караганда, бүгүн таңкы саат 08:20 чамасында Арашан айылындагы Акылбек Асаналиевдин үйүнө 5 милиция кызматкери келген. Алар соттун тинтүү жүргүзүүгө берилген ордерин жана токтомун көрсөтүшкөн.
[ads-quote-center cite=’дейт Асаналиев.’]«Милиция кызматкерлери үйдүн баарын аңтарып чыгышты. Бирок ошол эле маалда эмне издеп жатышкандарын айтышкан жок», [/ads-quote-center]Тергөөчүлөрдүн айтымында, тинтүү иштери 2019-жылдын декабрь айында Беш-Күңгөй айылындагы май куюучу бекеттеги кол салуу боюнча козголгон кылмыш ишине байланыштуу.
Бирок Акылбек Асаналиев бул жөн гана шылтоо деп эсептейт. Анын пикиринде, тинтүү 2019-жылдын август айындагы Кой-Таш окуясына байланыштуу.
Мындан сырткары, Акылбек Асаналиев өткөн аптанын соңунда аны Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнө профилактикалык сүйлөшүүлөргө чакырышканын кошумчалады. Милиция кызматкерлери андан 2-мартта боло турчу Садыр Жапаровду колдоо митингине катышпоого сөз берген түшүнүк кат жазууну талап кылышкан.
Белгилей кетсек, Акылбек Асаналиев экс-президент Алмазбек Атамбаевдин карындашынын уулу.