Түндө Бишкек — Ош унаа жолунда автокырсык болуп, жети адам каза тапты. Бул туурасында ӨКМ билдирди.
Кырсык Ноокен районунун Бүргөндү айылына жакын жерде болуп, жабыркаган алты адам Шамалды-Сай шаарчасындагы ооруканага жеткирилген. Маалыматта Mercedes-Benz Vito менен Honda Jazz автоунаалары кагышкандыгы айтылат.
Окуя болгон жерге ӨКМдин 4 куткаруучусу, Тез жардам жана ИИМ кызматкерлери барган. Куткаруучулар жабыркаган жарандарды автоунаадан чыгарып, Тез жардам кызматына, каза тапкандарды милицияга өткөрүп беришкен. Маркумдардын сөөгү Кочкор-Ата шаардык ооруканасынын өлүк сактоочу жайына жеткирилген.