Дүйнөлүк банк коронавирустун алдын алууда Кыргызстанга жардам берүүнү каалайт

Автор -

Президент Сооронбай Жээнбеков Дүйнөлүк банктын Борбор Азия өлкөлөрү боюнча аймактык директору Лилия Бурунчукту кабыл алды. Жолугушууга банктын Кыргызстандагы кеңсесинин башчысы Болормаа Амгаабазар да катышты.

Жээнбеков Дүйнөлүк банк өлкөнүн инвестициялык климат, социалдык чөйрө, энергетика, транспорт, санариптештирүү, билим берүү жана социалдык объектилерди куруу жаатында колдоо көрсөтүп жаткан стратегиялык өнөктөштөрүнүн бири экенин белгиледи. Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү Кыргызстан менен кызматташуу уланарын билдиришти.

Дүйнөлүк банктын Борбор Азия өлкөлөрү боюнча аймактык директору Лилия Бурунчук банк коронавирус менен күрөшүүдө өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө жардам бериш үчүн атайын фонд түзүүнү пландап жатканын, анын алкагында Кыргызстан менен да кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрүн караштырууга даяр экенин билдирди.

Дүйнөлүк банк — Кыргызстандын негизги донорлорунун бири. Ал 1992-жылдан бери өлкөдө 63 долбоорду ишке ашырууда. Алардын жалпы суммасы 1, 69 миллиард долларды түзгөн.