Кой-Таш иши. Айыпталуучулар камакта калтырылды

Автор -

Бүгүн, 4-мартта Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуялары боюнча кылмыш ишинин алдын ала угуулары өтүп жатат.

Бүгүн Алмазбек Атамбаевди кошпогондо, камакта отурган 8 айыпталуучу баш коргоо чарасын өзгөртүү өтүнүчүн келтиришти.

Жактоочу Нурбек Токтакунов билдиргендей, судья Марат Сыдыков аларга оор беренелер коюлуп жатканын жүйө келтирүү менен, ошондой эле эркиндикке чыкканда качып кетүүлөрү мүмкүн деген божомол менен өтүнүчтү четке какты.

«Мыйзам айыпталуучуларды коюлган айыптын оордугуна карап жана божомолдордун айынан камакта кармоого тыюу салат. Камакта калтыруу үчүн ал божомолдордун төгүндөлгүс далилдери болушу керек», -деп билдирди укук коргоочу.

Ал август айынан бери тергөөчүгө айткан маалында келип жаткан, эки жолу чет өлкөгө чыгып кайра кайтып келген Равшан Жээнбековду мисал келтирди.

«Мен ага жеке өзүм кайра кайтпоо кеңешин бергем. Ал көнбөй, кайра кайтып келе берди. Башкача айтканда, өзүнүн жүрүм-туруму менен эч жакка качпай турганын көрсөттү, ага карабай, камап салышты», — деп жазды Токтакунов.