Кой-Таш окуясы. Прокурорлор соттук отурумдардын ачык өтүшүнө каршы эмес

Автор -

Прокурорлор Кой-Таш окуясына байланыштуу соттук отурумдун ачык өтүшүн колдойт. Бул тууралуу аталган иш боюнча айыптоо тобунун жетекчиси, прокурор Темирбек Бекмаматов журналисттерге билдирди.

Прокурордун айтымында, учурда Кой-Таш окуясы боюнча баштапкы соттук жыйындар өтүп жатат. Ал мыйзам боюнча жабык өтүшү керек.

«Биз иштин өзү карала баштаганда сот ачык өтүшүнө каршы эмеспиз», -деди Бекмаматов.

3-мартта айыпкерлердин жактоочулары иш жабык өтүп калышы мүмкүн экенин билдирип, күмөн санап жатышкан. Бүгүн, 4-мартта Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча баштапкы соттук жыйын уланды. Бул иште айыпталуучулардын адвокаттары соттон камакта отургандардын бөгөт чарасын өзгөртүүнү өтүнүштү. Судья өтүнүчтү караш үчүн кеңешүү бөлмөсүнө кетип, саат 14:30га чейин тыныгуу жарыяланды.

2019-жылы 7-8-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) жана Ички иштер министрлиги (ИИМ) Чүйдүн Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын жүргүзгөн. Анда бир офицер курман болуп, 200дөн ашык адам жабыркаган.

Окуяга байланыштуу козголгон кылмыш ишти тергеген ИИМдин Тергөө кызматы мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баштаган 19 адамга айып койгон. Алардын ичинен 14 айыпталуучунун иши сотко өткөн. Калган беш адам тергөө менен кызматташууга макул болгону үчүн өзүнчө иш катары тергелип жаткандыгы мурда кабарланган.