Бишкекте маршруттук такси менен жолтандабас кагышты. Жабыркагандар бар (видео)

Автор -

Борбор калаадагы Бөкөнбаев — Турусбеков көчөсүнүн кесилишинде жүргүнчү ташыган маршруттук такси менен жолтандабас кагышып, төрт адам жабыркады. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын маалымат кызматынан билдиришти.

«Кырсык бүгүн саат 16:20лар чамасында болгон. Аталган көчөлөрдө Mersedes-Benz үлгүсүндөгү эл ташыган №214 микроавтобус менен Volvo жолтандабасы кагышкан», — деп билдирди маалымат катчы.

Окуя болгон жерде кайгуул кызматынын адистери иштеп жатат.

 

 

 

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү