Депутат: «Альфанын» кызматкерлери Кой-Таш ишинде көрсөтмөнү башка ысым менен беришкен (видео)

Автор -

Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин «Альфа» бөлүгүнүн кызматкерлери Кой-Таш окуясы боюнча көрсөтмөсүн башка ат менен берүүдө деп эсептейт. Бул тууралуу ал 5-мартта парламенттин жалпы жыйынында сүйлөп жатып айтты.

Депутат бул сот жараяны ачык өтүшү керектигин, антпесе коомдо бийликке карата ишеним жоголорун белгиледи:

«Альфанын» күбө катары өтүп жаткан кызматкерлеринин баары башка ат менен жазылган. Эгер чындык азыркы бийлик тарапта болсо, ачык териштирүүгө биринчи кезекте ал өзү кызыкдар болмок. Соттун жабык өтүшү коомду ого бетер бөлүп-жарып, бийликке болгон ишенимдин жоктугун күчөтөт»,- деди эл өкүлү.

Карамушкина Кой-Таш окуясы боюнча териштирүүдө өлкөнүн кызыкчылыгына доо келтире турган «эч кандай сыр жоктугун», «ашкере боло турган жалгыз нерсе – күч түзүмдөрүнүн компетенциясынын жоктугу жана коррупциялашканы» экендигин кошумчалады.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү