«Элге тынчтык керек». Садыр Жапаровдун агасы кайрылуу жасады (видео)

Автор -
286

Абактагы экс-депутат Садыр Жапаровдун агасы Сабыр Жапаров бүгүн, 5-мартта атайын билдирүү таратты. Анда Садыр Жапаровду чыгаруу үчүн сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын айтып, элди сабырдуулукка чакырган.

«Урматтуу Садыр Жапаровдун колдоочулары, мен сиздерге кайрылам. 2-март күнү иним Садырды колдоп бергениңиздерге рахмат. Биринчиден, азыркы учурда биз койгон талаптар боюнча өкмөт менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Экинчиден, 2-март күнү болуп кеткен башаламандыктан өзүбүздү сактайлы жана ага жол бербейли. Өлкөнүн мыйзамын сактайлы, элге тынчтык керек. Садыр менен сүйлөшсөм, ал ызы-чуунун кереги жок экенин баса белгилеп айтты. Жапаровдун боштондугун мындай жол менен эмес, мыйзамдуу сүйлөшүү жолу менен чечели. Мындан кийин чагымчыл күчтөр бизди колдонуп кеткен учурлар болбосун. Анткени айтылган маалыматтар боюнча, бизди курал катары колдонууну көксөгөндөр болуптур», — дейт ал өз кайрылуусунда.

Эскерте кетсек, 2-март күнү борбордук аянтта Садыр Жапаровду бошотуу талабы менен митинг өткөн. Кечке жуук митинг катышуучуларын милиция кызматкерлери кууп тараткан. Ошол эле күнү кечинде митингде модераторлук кылган экс-депутат Каныбек Осмоналиев УКМК тарабынан кармалып, камакка алынган. Бүгүн, 5-мартта аны жана Жапаровдун дагы бир тарапташы Анара Дубанбаеваны эки айга камоо чечими чыкканы белгилүү болду.