Япония: Коронавирустан улам мектептерде окуу токтоду

Автор -

Коронавирустан улам Японияда көпчүлүк мектептер жабылды. Мындай өтүнүч өкмөттөн түшкөнүн өлкөнүн билим берүү, спорт, маданият жана илим министри Коити Хагиуда парламентте билдирди. Анын сөзү боюнча, 5-мартка карата бардык деңгээлдеги мектептерде окуу токтотулду.

Япониянын мектептериндеги мөөнөтсүз каникул 2-марттан тарта башталган. Бирок Хонсю аралындагы Симанэ префектурасынын бийлиги «аймакта оору каттала элек деген» жүйөө менен мектептерди жабуудан баш тарткан. Айрым мектептер эгер бала менен үйдө кала турган киши жок болсо, аларды кабыл алышарын билдиришти.

Япон өкмөтү мөөнөтсүз каникулду окуучулардын жазгы салттуу эс алуусу башталганга чейин улантууну өтүндү. Жазгы каникул Япониядагы мектептерде март айынын акыркы он күндүгүнө туш келет. Зарылчылык болбосо мектептер апрелден тарта ишин улантышат.

5-марттагы маалыматтарга караганда, коронавирусту Японияда 1030 киши жуктурган. Оорудан 12 адам набыт болду. Ооруга кабылгандардын басымдуу бөлүгү (706 адам) Diamond Princess лайнеринин жүргүнчүлөрү жана экипаж мүчөлөрү.