Бишкекте үй ээси аялы менен уулун бычактап, өзү муунуп өлдү

Автор -
646

Бишкектин 5-кичирайонунда киши аялын бычактап, 9 жаштагы уулуна бычак сайып, өзү муунуп өлдү. Бул тууралуу үй-бүлөнүн кошуналарына шилтеме менен Kaktus.media жазып чыкты.

Алардын маалыматына караганда, бала тирүү калган, бирок оор абалда ооруканада жатат.

Октябрь РИИБинин басма сөз кызматы маалыматты тастыктады. Мекеменин билдиришинче, саат 12:00дө милицияга чакыруу түшкөн. Анда үй-бүлөлү чыр-чатактан улам, үй ээси аялы менен баласына бычак шилтегенин кабарлашкан.

Жерине келген ыкчам топ көп кабаттуу үйлөрдүн биринин батиринен бычактан жаракат алган аялдын жансыз денесин жана жуунуучу бөлмөдөн асынып өлгөн кишинин сөөгүн табышкан. «Тез жардам» кызматы баланы 3-шаардык балдар ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирген.

Жеринде милиция кызматкерлери бар экени айтылат.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү