Канат Сагымбаевди Атамбаевге каршы көрсөтмө берүүгө мажбурлашкан

Автор -
351

УКМКнын 9-кызматынын мурунку кызматкери Канат Сагымбаевди тергөө учурунда Алмазбек Атамбаевге каршы көрсөтмө берүүгө мажбурлашкан. Бул туурасында жактоочу Нурбек Токтакунов билдирди, деп жазат Vesti.kg.

Анын айтымында, экс-президенттин мурунку жан сакчысы бул тууралуу сотто айтып берди.

«Атамбаевдин күзөт кызматынын мурунку башчысы Кой-Таш окуялары боюнча ыкчам иликтөө тобунун жетекчиси Азамат Жумабаев ага эгер Атамбаевге каршы көрсөтмө бере турган болсо, толугу менен актап, эркиндикке чыгарууну сунуштаганын билдирди. Тергөөчү аны көндүрүүгө 3 күн аракет кылыптыр, Кой-Таш окуясы учурунда болгону кызматтык милдетин аткарган деген жүйөө менен оңой эле актап чыгарын түшүндүрүптүр. Үчүнчү күнү Атамбаевге каршы көрсөтмө бербегенине да кайыл болуп, жөн гана тергөө менен кызматташууга барууга үндөптүр. Сагымбаев эч кимди өлтүрбөгөнүн айтып, кызматташуудан баш тартыптыр. Эми өчөшүп, аны далили жок эле спецназ жоокерин өлтүрүүгө айыптап жатышат», -дейт Токтакунов.

Буга чейин Канат Сагымбаев Кой-Таш окуялары боюнча соттук ишти кароодо сот арачыларынын катышуусун талап кылган.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү