Кыргызстандык 18 айдоочу Ирандан чыга албай турат

Автор -

Коронавирус эпидемиясынан улам кыргызстандык 18 айдоочу Иран менен Азербайжандын чек арасында туруп калышты. Алардын видео кайрылуусу «Короче» Телеграм-каналына жарыяланды.

Анда оор жүк ташуучу унаа айдоочулары соляркага жана тамакка акчалары жок калгандыгын, ал жакка акча которуу мүмкүн эместигин айтуу менен ТИМден маселелерин тез арада чечип берүүнү суранышат.

ТИМ жетекчисинин орун басары Нурлан Абдрахманов маалымат жыйын учурунда Ирандын чек арасында бардыгы 54 кыргызстандык бар экенин айтты. Алар Иран менен чектеш Азербайджан менен Түркмөнстан Иранда таралган коронавирустан улам чек арасын жапкандыктан өтө албай жатышат.

«Түркмөнстандын жана Азербайжандын Тышкы иштер министрликтери менен бул маселени чечүү үчүн сүйлөшүүлөр жүрүп жатат», -дейт ТИМ өкүлү.