Чүй облусунда 72 жаштагы аялдын өлүмүнө шектелип эки жаран кармалды

Автор -

Чүй облусунда 72 жаштагы аялдын өлүмүнө шектелип эки жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 4-март күнү саат 13:30 чамасында Ысык-Ата РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Дмитриевка айылындагы үйлөрдүн биринде кишинин жансыз денеси табылгандыгы жөнүндө кабар келип түшкөн. Жерине барган тергөө тобу 72 жаштагы  С.Г. киши колдуу болуп каза тапканын аныкташкан.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, шектүү катары 37 жаштагы У.В. жана 34 жаштагы Г.Л. кармалды. Азыркы учурда эки шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, сотко чейинки өндүрүш иши улантылууда.

Бөлүшүү