Ленин районунун салыкчылары 25 миң доллар пара талап кылууга шектелип кармалды (фото)

Автор -

Бишкек шаарынын Ленин райондук салык кызматы башкармалыгынын бөлүм башчысы Н.Ш. менен инспектору С.Р. пара талап кылуу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

Билдирмеге ылайык, жооптуу кызматтагы адамдар жеке компаниянын эсепчисинен салыктык текшерүүнүн жыйынтыгын оң жакка чечип берүү үчүн 25 000 АКШ долларын талап кылышкан.

Ушул жылдын февраль айында салык кызматынын инспектору С.Р. жогорудагы сумманын 5000 долларын алган.

УКМК 6-марта Ленин райондук салык кызматынын башчысынын жана инспекторунун кабинеттерин тинтүү учурунда жеке компаниянын салык боюнча текшерүүдө көрсөтүлгөн документтерин таап чыккан. Сотко чейинки өндүрүштүк материалдар Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси («Опузалап пара талап кылуу») боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Кармалгандар УКМКнын абагына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү