Милиция: «Аялдардын тилектештик маршында» чагымчылдык кылган бешөө кармалды

Автор -
@Sputnik Кыргызстан

Бишкектин Жеңиш паркында өткөн «Аялдардын тилектештик маршында» чагымчылдык кылууга аракет кылган 5 жарандын ким экендиги аныкталып, кармалды. Маалыматты Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

«Кармалган жарандарга протокол түзүлдү. Учурда чагымчылдыкка катыштыгы бар делинген башкаларын да аныктап, кармоо иштери улантылып жатат», — дейт мекеменин маалымат катчысы.

8-мартта жаңыдан башталып жаткан «Аялдардын тилектештик маршына» калпак кийген 20 чакты жаран келип, алардын ураандарын тартып алып, шарларын жарып, иш-чараны өткөрүүгө бут тосушкан. Кийин качып кетишкен. Милиция кызматкерлери марш өткөрүүгө чыккан кыз-келиндерди кармап, автобуска салып, Свердлов РИИБине алып келген. Ошол эле күнү алар кое берилген.