Стамбулдан келген жаран карантинге алынды

Автор -

Түркиянын Стамбул шаарынан келген кыргыз жаранынын дене табы 37,7 болуп республикалык клиникалык инфекциялык ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу аталган оорукананын башкы дарыгери тастыктап, бейтаптын абалы канааттандырарлык экенин билдирди.

Чет өлкөдөн келген жаран «Манас» эл аралык аэропортунан түз эле ооруканага жеткирилген.

«Аэропорттон текшергенде бейтаптын дене табы жогору экени аныкталып, аны дароо эле ооруканага алып келишти. Ооруканага келгенден кийин медициналык текшерүүдөн өткөн бейтап ОРВИ (курч респиратордук вирустук инфекция) менен ооруп жаткандыгы аныкталды. Учурда анын дене табы түштү, абалы канааттандырарлык. Ошондой эле андан коронавируска анализ алынды»,дейт башкы дарыгер.

Кытай, Иран, Япония, Түштүк Корея жана Италиядан (тизме дүйнөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен толукталып турат) келгендер милдеттүү түрдө 14 күнгө карантинге алынарын атайын түзүлгөн штабдан маалымдаган.

Бөлүшүү