Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму: Коронавирус пандемия кооптуулугун жарата баштады

Автор -

Коронавирустун дүйнөлүк алкакта тароо кооптуулугу барган сайын чындыкка жакындап келе жатат. Бул туурасында РИА Новости Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун жетекчиси Тедрос Адханом Гебрейесуска шилтеме кылып билдирди.

«Коронавирус ушунча көп сандагы өлкөгө тарап кеткендиктен анын пандемияга айлануу кооптуулугу улам чындыкка жакындап бара жатат. Бирок бул көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк бар биринчи пандемия болот» , — деген ал.

Акыркы маалыматтарга караганда, 104 өлкөдө коронавирус жуккан 113 754 учур катталып, 4016 адам каза болгон. Жалпы сандын ичинен 63 663 киши айыккан.