Коронавирус: Италияда акыркы суткада 97 киши өлдү

Автор -

Ушул эле убакытта оору 1807 адамга жуккан. Өлкө боюнча жалпысынан 9172 киши ооруга чалдыкса, өлгөндөрдүн саны 463 адамга жетти.

Вирустун андан ары күчөп кетүүсүнүн алдын алуу үчүн Италиянын премьер-министри Жузеппе Конте жалпы өлкө боюнча карантин жарыяланарын билдирди. Анын ичинде өлкө аймагында ээн-эркин жүрүүгө тыюу салынат.

«Шейшембиден тарта Италия толугу менен карантинге өтөт. Өзүнчө «кызыл аймактар» болбойт», — деди Конте журналисттерге.

Өлкөдөгү бардык спорттук мелдештер, анын ичинде футбол чемпионаты 3-апрелге чейин токтотулду.

Акыркы маалыматтар боюнча, жалпы дүйнө жүзүндө коронавирустан 4004 адам өлдү. Жуктуруп алгандардын саны 114 миңден ашты.

АКШда 624 киши жуктуруп, 22 адам көз жумду. 15 киши оорудан сакайып чыкты. Орусияда 20 киши ооруну жуктурганы аныкталган, өлгөндөр тууралуу кабар жок.

Бөлүшүү