Ош, Жалал-Абад облустарында мечиттерде уурулук кылып жүргөн киши кармалды

Автор -

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы мечиттерде акча, баалуу буюм жана кийим-кечек уурдап жүргөн деген шек менен Өзгөн районунун тургунун кармады. Шаардык милициянын басма сөз катчысы Замир Сыдыковдун айтымында, кармалган тургун бир катар шаарлардагы, райондордогу мечиттерге ууруга кирип жүргөн.

«Ош шаарында жашап, Жалал-Абад, Өзгөн шаарларына, Кочкор-Ата шаарчасына, Базар-Коргон, Сузак, Ноокен райондоруна барып мечиттерден уурулук кылып келип, аларды сатып тиричилигин өткөрүп тургандыгын моюнуна алды», — деди ал.

Сыдыков кылмышка шектүү мурда да Жазык кодексинин «Тоноо» жана «Жаза өтөө мекемесинен качуу» беренелеринин негизинде жаза өтөп чыкканын кошумчалады. Милицияга быйыл мечиттердеги уурулук боюнча тогуз арыз келип түшкөн.

Кыргызстанда 3 миңге жакын мечит бар экендиги айтылып келатат. Алардын ичинен 1350гө жакыны Ош жана Жалал-Абад облустарынын аймагында иш алып барат.

Бөлүшүү