УКМК: Жасалма акча сатууга аракет кылган адам кармалды

Автор -

Бишкекте ири суммадагы жасалма акчаны сатууга аракет кылган адам кармалды. Бул тууралуу 10-мартта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 15 миң долларды сатууга шектелип 65 жаштагы адам колго түшүрүлдү.

Сотко чейинки өндүрүштүн материалдары Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин «Акчаны же баалуу кагазды жасалма жасоо» беренесинин негизинде катталды.

Кармалган адам УКМКнын Тергөө абагына киргизилди.

Жасалма акча сатууга катыштыгы бар башка да адамдарды аныктоо багытында ыкчам тергөө иштери жүрүп жатат.

Жакында Бишкекте 10 500 евро өлчөмүндө жасалма акча сатууга аракет кылган 27 жаштагы тургун кармалган.

Улуттук банктын расмий курсу менен эсептегенде 15 миң доллар 1 миллион сомдон ашуун акча болот.