Аксыдагы окуучулардын мушташы. Жалал-Абад ОИИБ иш жабылганы тууралуу маалыматты төгүндөдү

Автор -

Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы мектепте болгон окуучулардын мушташы боюнча облустук милициядан төмөнкүлөрдү билдиришти.

Маалыматка ылайык, 7-февраль күнү болжол менен саат 21:00 чамасында Аксы райондук милициясына Авлетим айылынын 2004-жылы туулган тургуну Т.М. денесинен жараат алып, Аксы аймактык ооруканасына түшкөндүгүн кабарланган. Жабырлануучуну өзү менен тең 6 бала уруп койгондугу аныкталган. Окуя боюнча жабырлануучунун апасы Аксы РИИБине кайрылып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Териштирүү иштеринде Аксы райондук прокуратурасынын кызматкерлери менен биргеликте окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, тиешелүү экспертизалар дайындалган. Окуяга тиешелүү болгон бардык шектүүлөрдүн аты-жөнү аныкталып, алар ата-энелери менен бирге социалдык педагогдордун катышуусунда суракка алынып, тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлгөн. Аталган өндүрүш иши боюнча жабырлануучунун апасы О.З. мыйзамдуу өкүлү деп табылган.

«Тергөөнүн жүрүшүндө О.З. эч кимге арыз-доосу жок экендигин билдирип, тосмо арыз менен кайрылган. Бирок Жазык кодексинин 266-беренеси боюнча тосмо арыз канааттандыруудан баш тартылган. Учурда сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында соттук-медициналык экспертизанын корутундусу чыгарылып, соттун кароосуна жиберүү алдында турат. Белгилей кетүүчү жагдай, социалдык тармактарга тараган видеодогу «таасирлүү адамдар ортого түшүп, ишти жаап салышкан» деген пикир чындыкка дал келбейт жана милиция бул ишти толук кандуу, объективдүү жана ар тараптуу текшерүүгө алып аягына чыгарат», — деп билдиришет басма сөз кызматынан.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү