Аламүдүн дарыясындагы жашыл суу боюнча изилдөөнүн жыйынтыгы чыкты

Автор -

29-февраль күнү социалдык тармактарга «Аламүдүн дарыясынан жашыл түстөгү суу агып жатат» деген аталышта видео тарап, талкууга түшкөн. Шаардык мэрия бул маалыматты фейк деп атаган. Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалыматты төгүнгө чыгарууга шашпай, дарыя суусунан анализ үчүн үлгү алынганын жана жыйынтыгы жакында чыгарын билдирген.

Бүгүн, 12-мартта анализдин жыйынтыгы чыкканын Айлана-чөйрөнү коргоо мамлекеттик агенттигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

«Химиялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгы көрсөткөндөй, суунун курамындагы азоттун аммонийи 2-4 эсеге, азоттун нитрити 11-45 эсеге, күйүүчү май 2-11,4 эсеге жогору болгон. Ошондой эле темир, цинк, жез, коргошундун дагы концентрациясы жогору болуп чыккан. Изилдөөнүн жыйынтыгына ылайык, сууга күйүүчү заттардын көп концентрациясы төгүлгөн. Бул факты боюнча мыйзам чегинде тиешелүү чара колдонуу үчүн алынган жыйынтыктар Экотехинспекцияга жөнөтүлдү», — дейт маалымат кызматынан.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү