Жаңы жыл алдында дүкөндү тоноп кеткен 3 жаран кармалды

Автор -

Сокулукта дүкөнгө уурулукка кирген 3 жаран кармалды. Алар дүкөндөгү товарларды жана телефонду уурдап кетишкенин Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Сокулук РИИБине 39 жаштагы жергиликтүү тургун кайрылып, дүкөнгө уурулукка кирген белгисиз жарандарга карата чара көрүүнү суранган. Арыздануучу окуя 2019-жылдын 28-декабрына караган түнү болгонун айткан.

«Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 200-берене (уурулук) менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Ыкчам тергөөнүн жүрүшүндө уурулук кылганга шектелип, Бишкек шаарынын тургундары 25 жаштагы Т.Б., 22 жаштагы О.Б. жана 21 жаштагы М.Н. кармалды. Кармалгандар тергөө органдарына өткөрүлүп берилди. Учурда шектүүлөрдүн мындан башка дагы кылмыш иштерине катыштыгы бар же жок экендигин аныктоо иштери жүргүзүлүп жатат», — деди маалымат катчы.