Чүйдө турак үйдөн чыккан өрттөн беш адам жабыркады

Автор -
Иллюстрация

Чүй облусундагы айылдардын биринде турак үйдөн өрт чыгып, 5 адам жаракат алды. Бул тууралуу Өзгөчо кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык тууралуу маалымат өрт өчүрүүчүлөргө 12-мартка караган түнү саат 01:13тө келип түшкөн.

«Москва районунун Перпеченко айылындагы 1-Май көчөсүндөгү турак үйлөрдүн биринен өрт чыккан. Өрттү өчүрүүгө бир бөлүм тартылып, саат 02:13тө толук өчүрүлгөн.

Кырсыктын кесепетинен үйдүн 40 чарчы метр дубалы жана шыбы күйгөн. Өрттүн кесепетинен 5 адам жабыркап, «Тез жардам» кызматы менен ооруканага жеткирилген. Жабырлануучулардын абалы канааттандырарлык. Өрттүн себеби такталууда», — дешти маалымат кызматынан.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү