Казакстанда коронавирус жуктурган үчүнчү учур катталды

Автор -
466

Казакстандын саламаттыкты сактоо министри Елжан Биртанов коронавирус жуктуруп алган 3-адам тууралуу маалымдады, деп билдирет Tengrinews.kz.

«12-мартта Миландан Нур-Султанга келген жарандан алынган тест анда коронавирус бар экенин көрсөттү, ал — аял киши», — деп билдирди Елжан Биртанов.

13-мартта Алматыда Казакстандын Германиядан келген эки жаранынан (1974-жылкы эркек, 1984-жылы туулган аял) коронавирус инфекциясына алынган анализ оң чыккан. Бейтаптар жугуштуу оорулар ооруканасына жаткырылган. Аларда вирустун клиникалык белгилери азырынча жок.

Биринчи жуктурган казакстандык өлкөгө Германиядан 9-мартта келген. Аны менен чогуу учуп келген 73 жүргүнчү табылып, карантинге жаткырылары айтылган.

Экинчи жуктурган адам 12-мартта келген. Аны менен чогуу учуп келген 12 адам дароо эле Алматыда карантинге алынган.

Бөлүшүү