Казакстанда 2 жарандан коронавирус аныкталды. Алар Германиядан келгенин саламаттыкты сактоо министри Елжан Биртановго шилтеме берүү менен Tengrinews.kz жазып чыкты.
«Өзүңөр билгендей, биз 3 айдан бери коронавирустун өлкө аймагына кирүүсүн алдын алуу үчүн бардык тиешелүү чараларды колдонуп жатабыз. Бүгүн, 13-мартта Германиядан келген жарандар коронавирус менен жабыркап жатканы аныкталды. Алар Алматы шаарындагы стационарга жеткирилип, карантинге алынды. Абалдары жакшы, клиникалык белгилери байкалган жок. Бардык тиешелүү чаралар көрүлүп жатат», — дейт Казакстандын саламаттыкты сактоо министри.
Кечээ, 12-мартта Казакстанда бир катар коомдук жайлар убактылуу жабылып, 15-марттан тарта колледждер жана жогорку окуу жайлар онлайн окууга өтөрү маалымдалган.