Чүйдө 26 жаштагы жаран өгөй атасын муунтуп өлтүрүүгө шектелип кармалды

Автор -

Мурун соттолгон 26 жаштагы жаран өгөй атасын өлтүрүүгө шектелип кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 16-март күнү саат 08:33 чамасында Аламүдүн РИИБине Кара-Жыгач айылындагы автожолдон адамдын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Ыкчам-иликтөө тобу айтылган дарекке барганда 40-45 жаштагы азият улутундагы адамдын сөөгүн табышкан. Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 130-берене (киши өлтүрүү) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

«Маркумдун сөөгүнө соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлүп, анын баш сөөгү, кабыргасы бир нече жеринен сынып, муунтулуп өлтүрүлгөнү аныкталган. Маркумдун өздүгү такталып, ал Ысык-Ата районунун 51 жаштагы Н.С. аттуу тургуну экени белгилүү болгон. Ал эми кылмышка шектелип мурун соттолгон 26 жаштагы Ж.Д. кармалган. Маалыматка ылайык, маркум кылмышка шектүүнүн өгөй атасы болгон. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди, сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда», — деп жазылат маалыматта.

Бөлүшүү