Казакстанда коронавирус жуктургандардын саны он үчкө жетти

Автор -

Казакстандын Алматы шаарында коронавирус жуктурган дагы 3 жаңы учур катталды. Бул туурасында өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги билдирди, деп жазат Tengrinews.kz

«Бүгүнкү күнгө карата баш-аягы жаңы илдетти жуктурган 13 учур аныкталды, алардыын 11 Алматы шаарында болсо, Нур-Султанда экөө», -деп айтылат маалыматта.

Биринчи учурда — 2018-жылы төрөлгөн кыз. Ал 13-мартта Берлин — Минск — Алматы каттамы менен учуп келген. Учурда балдардын жугуштуу оорулар ооруканасында.

Экинчи учур — 1966-жылкы эркек киши. Ал 10-мартта Москвадан келген.

Үчүнчү учур — 1965-жылкы эркек киши, ал дагы Москвадан келген.

Бөлүшүү