Тамада Арстан Алайды коронавирус үчүн сотко берди (фото)

Автор -

Тамада Урматбек Асанбеков коомдук ишмер Арстан Алайдын үстүнөн сотко арызданды. Бул тууралуу ал өзү социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты, деп билдирет Super.kg.

Асанбеков жарыялаган доо арызына ылайык, «15-мартта коронавирустун пайда болушу мүмкүн деген маалымат тарагандыктан, кардарлар мага байланышып, мурда белгиленген тойлорду өткөрүүдөн баш тартышты. Ошого байланыштуу мага алып баруучу катары моралдык зыян келтирилди», — деп жазган ал.

Тамада анын материалдык жана моралдык зыян тартып калуусуна Арстан Алайды күнөөлөгөн. «Арстан Алай 2019-жылдын 19-октябрында өзүн «Кудай» атаган, ал эми 2020-жылдын 3-мартында «Кытайга корнавирусту мен жөнөткөм» деген маалымат тараткан. Бул сөздөрдү жокко чыгарган эч ким болгон жок. Демек, анын чындыгы бар болушу мүмкүн. Адам өз сөздөрү үчүн жооп бериши керек», — деген тамада өз арызында.

Тамада материалдык жана моралдык чыгымын 50 миң сомго баалаган.