Сузакта коронавирус аныкталган жаран 150 адамды чакырып той берген

Автор -
619

Коронавирус жуктурганы аныкталган кыргызстандык умрадан келгенден кийин 150дөй адамды чакырып той берген. Бул тууралуу  Сузак районунун Бостон айылынын айыл өкмөт башчысы билдирди, деп жазат Super.kg

Бостон айылынын 46 жаштагы тургуну К.Х. айылга 13-мартта келген. Үйундө төрт баласы бар.

«Азыр айылга өзгөчө кырдаал жарыяланып, үйлөрдөн чыгууга тыюу салынды. Коронавируска кабылган бул жарандын үйү курчоого алынды. Умрадан келгенден кийин 100-150дөй адамга ажы той берген. Азыр мен тойго катышкан 21 адамдын аты-жөнүн аныктадым, алар карантинге алынды», деп билдирген айыл өкмөт башчы порталга.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 18-мартта Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 3 адамдан коронавирус оорусу аныкталганы кабарланган.