Ысык-Көлдө 9 адам карантинге алынды

Автор -

17-марттан тарта Ысык-Көл облустук бириктирилген ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүндө сегиз киши карантинге алынды. Ал эми дагы бир киши Ысык-Көл райондук ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук бириктирилген ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн башчысы Айман Курманова билдирди, деп жазат «Азаттык».

«17-мартта биринчилерден болуп Москвада миграцияда жүрүп келген Ак-Суу районунун тургуну өзү кайрылды, ал дароо биздин бөлүмгө жаткырылды. Андан кийин ажылыкка барып келген адамды бүгүн түнү алып келишти. Дагы эки жаран Германиядан келген, алар да биздин көзөмөлдө. Ал эми бүгүн күндүз Караколдун төрт тургуну өз каалоосу менен кайрылды. Алар да карантинге алынды. Бул сегиз адамдын дене табы көтөрүлгөн жок, абалы туруктуу, маал-маалы менен кирип, дарыгерлер карап жатабыз. Жугуштуу оорулар бөлүмү милиция тарабынан каралып жатат. Бул адамдар 9 күндөн 14 күнгө чейин биздин көзөмөлдө болот», — деди Курманова.

Ошондой эле оорукана Караколдогу мейманканалардын бири менен келишим түзгөн, ага ылайык мейманканада 100 орун камдалган.

Бөлүшүү