ӨКМ Сузакта дезинфекция үчүн элден акча чогултулганын төгүндөдү

Автор -

Сузак районундагы дезинфекция иш-чаралары үчүн элден акча чогултулуп жатат деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Калыс Ахматов бүгүн, 19-мартта Өкмөттө болгон брифингде билдирди.

Буга чейин белгисиз бирөөлөр тарабынан акча чогултуулар болгону эл арасында айтылган.

Ал арада коронавируска чалдыккан тургундар жашаган Сузак районунун Благовещенск айылында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги дезинфекциялоо иштерин жүргүзүп жатканын жергиликтүү тургундар видеого тартып, ал социалдык тармактарга тараган.