Сузактагы үч айылга 19 пост коюлат

Автор -

Сузак районундагы Благовещенск, Орто Азия жана Бостон айылында 19 пост коюлат. Бул тууралуу ИИМ жетекчисинин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаковдун аталган районго болгон сапарында белгилүү болду.

Министрдин орун басары өзгөчө кырдаал киргизилген айылдарга жугуштуу илдет тарап кетпеси үчүн коюлган блок постторду текшерүүгө алды. Ал посттордо турган милиция  кызматкерлери менен жолугуп, кошумча нускамаларды берди.

Өмүрзаков кызматкерлерге карантинге алынган аймакка тыкыр көзөмөл жүргүзүү керектигин жана мыйзамдуулук менен иш алып барып, элдерге сылык мамиледе кырдаалды туура түшүндүрүү керектигин белгилеп, өздөрүн дагы жугуштуу оорунун алдын алууга чакырды.

«Ички иштер органдарынын шартка байланыштуу коомдук тартипти сактоо
максатындагы мыйзамдуу талаптарын туура түшүнүү менен кабыл алып, аны
аткаруу керектигин суранамын. Коомдук тартипти сактоо  иш-чаралары күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлүүдө. Ар бирибиз жоопкерчиликтүү  мамиле кылалы, коомдук тартипти бузууга жол бербейли. Биз үчүн эң  маанилүү байлыгыбыз болгон – ар бир жараныбыздын ден-соолугу жана өмүрү  кымбат, ошол себептүү ар бир кызматкер өз ишине жоопкерчиликтүү мамиле  кылуусу зарыл. Мен муну суранамын жана талап кыламын»,- деди Сүйүн Өмүрзаков.