Кыргызстан чек араларында абал кандай?

Автор -

Мамлекеттик чек ара кызматы мамлекеттик чек аранын бардык периметри боюнча жагдайга түшүндүрмө берди.

20-марттагы маалыматка караганда, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстанда калган кыргыз жарандары мекенине кире алышат. Ал эми, кыргыз-кытай чек арасы ачыла элек.

Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасы:

  • Адамдарды жана транспорт каражаттарын өткөрүү убактылуу токтотулду.
  • Казакстандын аймагындагы кыргыз жарандары Казакстандан чыга алышат, ал эми Кыргызстандын аймагындагы казак жарандары «Ак-Тилек-автожол», «Чоң-Капка-автожол», «Каинды-темиржол» өткөрүү жайлары аркылуу Казакстанга кире алышат.
  • Кайсы бир өлкөгө транзиттик жол менен Казакстандын аймагы аркылуу өтүүгө Кыргызстандын жана үчүнчү өлкөнүн жарандарына убактылуу тыюу салынды.
  • Жүктөр жана транзиттик жүктөр «Ак-Тилек-автожол», «Чоң-Капка-автожол» өткөрүү жайлары аркылуу эки багытка тең бирдей эч кандай чектөөсүз өткөрүлүүдө.
  • «Кайыңды-темиржол» өткөрүү жайы аркылуу темир жол тутуму менен өткөн жүктөр өткөрүлүүдө. Ар күн сайын жогоруда аталган өткөрүү жайлары аркылуу айыл чарба азык-түлүгүн, тамак-ашты, эл керектөөчү товарларды жүктөгөн  болжол менен 500 жүк ташуучу транспорт каражаты  мамлекеттик чек араны кесип өтүүдө.

Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасы:

  • Адамдарды жана транспорт каражаттарын өткөрүү убактылуу токтотулду.
  • Өзбекстандын аймагындагы кыргыздар Өзбекстандан чыга алышат, ал эми Кыргызстандын аймагындагы Өзбекстандын жарандары Өзбекстанга кире алышат.
  • Жүктөр «Достук-автожол», «Кызыл-Кыя-автожол» жана «Кадамжай-автожол» өткөрүү жайлары аркылуу эки багытка тең бирдей эч кандай чектөөсүз өткөрүлүүдө.
  • Ар күн сайын жогоруда аталган өткөрүү жайлары аркылуу айыл чарба азык-түлүгүн, тамак-ашты, эл керектөөчү товарларды жүктөгөн  болжол менен 400 жүк ташуучу транспорт каражаты  мамлекеттик чек араны кесип өтүүдө.

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы:

  • Адамдарды жана транспорт каражаттарын өткөрүү убактылуу токтотулду:
  • Тажикстандын аймагында калган кыргыз жарандары Тажикстандан чыга алышат, Кыргызстандын аймагындагы тажик жарандары Тажикстанга кире алышат.
  • Жүктөр эки багытка тең бирдей эч кандай чектөөсүз өткөрүлүүдө. Ар күн сайын өткөрүү жайлары аркылуу айыл чарба азык-түлүгүн, тамак-ашты, эл керектөөчү товарларды жүктөгөн  болжол менен 50дөн ашык жүк ташуучу транспорт каражаты  мамлекеттик чек араны кесип өтүүдө.

Кыргыз-кытай чек арасы:

  • Өткөрүү жайлары убактылуу жабык, адамдар, транспорт каражаттары жана жүктөр өткөрүлгөн жок.

МААНИЛҮҮ!

Калктын саламаттыгын сактоону камсыздоо максатында  2020-жылдын 20-мартында саат 00.00дон баштап Бишкекке/Бишкектен жана Ошко/Оштон бардык эл аралык авиарейстер токтотулду.

Бирок жүк жашуучу жана жүргүнчүлөрдү ташуучу  айрым авикаттамдар каттайт:

-Москва—Бишкек – жумасына 1 жолу;

-Москва—Ош – жумасына 1 жолу;

-Новосибирск—Бишкек – жумасына бир жолу.

Мамлекеттик чек ара кызматы Кыргызстандын жарандары чет өлкөгө чыгуучу жалпы жарандык паспорт менен гана мамлекеттик чек араны кесип өтүүгө милдеттүү экенин эскертет.