Кол жуугандын пайдасы. Бишкекте акыркы суткада ичеги-карын оорулары катталган жок

Автор -
327

Бишкекте акыркы сутка ичинде ичеги-карын жугуштуу оорулары менен тез жардам чакырган бир да учур катталган жок. Бул тууралуу Ыкчам медициналык жардам көрсөтүү борборунун башкы дарыгери Егор Борисов «Твиттердеги» баракчасында жазып чыкты.

Анын айтымында тез жардам кызматынын тарыхында мындай окуя биринчи жолу болду.

 

«Болгону адамдар колдорун жууп башташты…», — деп белгиледи дарыгер.
Бөлүшүү