Ноокат районуна өзгөчө кырдаал жарыяланды

Автор -
@Turmush

Ноокат районуна өзгөчө кырдаал жарыяланды. Бул туурасында өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев билдирди.

Белгилей кетсек, бүгүн саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Ноокаттын үч тургуну коронавирус жуктурганын кабарлаган. Үчөө тең Сауд Аравияга кичи ажылыкка барып келишкен. Учурда аймактык ооруканада жатышат, абалы канааттандырарлык.

Ушуну менен Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны алтыга жетти. Буга чейин Сузактын үч тургунунан табылып, алар Жалал-Абад облустук ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүндө болчу.