Ноокат районунун 3 жаранынан коронавирус чыкты

Автор -
344

Бүгүн, 20-мартка карата коронавирус дагы үч жарандан аныкталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев бүгүн, 20-мартта өтүп жаткан маалымат жыйында билдирди.

Коронавируска чалдыккандар Ош облусунун Ноокат районунун умрага барып келген тургундары.  Алар учурда изоляцияга алынып, тийиштүү дарылануу алууда.

Космосбек Чолпонбаев алар менен байланышта болгон адамдарды аныктоо иштери жүрүп жатканын билдирди. Ал ошондой эле кичи ажылыктан келгендерге кайрылып, дүрбөлөңгө алдырбай, эч ким менен жолукпай, үйдө отурууну суранды.

«Эгер оорунун белгилерин байкасаңар, дарыгерлерге чалгыла», — деди ал.

20-мартка карата Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны 6 болду, алардын үчөө Сузак районунан, үчөө — Ноокаттан.