Улуттук банктын төрагасы доллардын кымбатташы тууралуу

Автор -

Бүгүн, 20-мартта Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов улуттук валютага карата доллардын баасынын жогорулап кетишине байланыштуу өлкөнүн валюта рыногундагы абалына байланыштуу маалымат жыйын өткөрдү.

«Орусия менен биздин мамлекеттин убакытында 3 саат айырма болгондуктан, 19-мартта коммерциялык банктар жана акча алмаштыруу жайлары Орусиянын рыногу ачылгыча эч кандай операцияларды жүргүзбөй туруу стратегиясын тандашкан. Албетте, бул дүйнөлүк рыноктогу абалга байланыштуу. Кечээ эски курстар боюнча улуттук валютага карата болгон жогору талап байкалды. Ошого байланыштуу Улуттук банк талаптарга жана сунуштарды кароо менен 84 сом 90 тыйын интервенциясы менен чыкты. Бул жакта белгилей кетүүчү нерсе, социалдык тармактарда Улуттук банк ушундай жарлык кылган деген сөздөр жазылыптыр. Бул мүмкүн эмес, бул процесстердин бардыгы автоматтык түрдө жүрөт. Улуттук банк интервенция жүргүзүүдө тең салмактуулукту кармап жана валюта курсун турукташтырууга аракет кылат», — деди Абдыгулов.

Анын айтымында, кимге керек болсо, ал долларды сатып алды. Азыр чек ара жабылгандыктан, соода алакалары жок, доллар сыртка чыкпай эле. Андыктан, эми сатып алгандар америка валютасын кымбат сатууга аракет кылышат.

«Бирок бул товар, эгер сатып алуучу жок болсо, баасы арзандайт. Банктар дагы, акча алмаштыруучу жайлар дагы доллар сатып албай жаткан азыркы учур, валюта рыногундагы абал тең салмакка келе электигин көрсөтүп турат. Ал күтүү абалында. Доллардын курсу 85ке чыкканда, элдер башка суроо-талап жок экенин тушүнүштү. Ким-бирөө долларды 72 сомго сатып алды, ал 82 сомдон кайра сатса деле пайда көрөт, бирөө 78, 79, 85 сомдон алды. Баарында доллардын баасы ар кандай, ал өз калыбына келиш үчүн убакыт керек. Жарандарга дүрбөлөңгө түшпөө керектигин жеткирүү зарыл», — деди Толкунбек Абдыгулов.