Коронавирус: 22-мартка карата илдетти жуктурган жаңы учур катталган жок

Автор -

2020-жылдын 22-мартында коронавирус жуктуруунун жаңы учуру катталган жок, деп билдиришет Республикалык штабдан.

Буга чейин бардыгы болуп өлкөдө COVID-2019 кабылгандардын саны 14 адамга жеткени айтылган. Алардын алтоосу — эркек, сегизи — аялдар:
Баткен облусу – 1 адам;
Сузак району – 8 адам;
Ноокат району – 3 адам;
Бишкек шаарында – 2 адам.

Бейтаптардын жаш курактары 25 жаштан 80 жашка чейинкилер, бардыгы тиешелүү дарылануудан өтүүдө.

Бейтаптар менен байланышта болгон жактардын саны — 2628 адам.

Азыркы учурда инфекциянын чордондорунда эпидемияга каршы жана профилактикалык иш чаралар уланууда.