Бишкекте көчөдөн кулап калган бет капчан жигит мас болгон

Автор -

«Бишкекте адамдар коронавирустан кулап жатат» деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

«Социалдык тармактарда жана мессенжерлерде тротуарда жаткан эркектин видеосу тараган. Бул учур боюнча Бишкек шаарынын ыкчам медицина борборуна, 2020-жылдын 23-мартында саат 15:08де Сухэ-Батор жана Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишинде эс-учун жоготкон адам жаткандыгы тууралуу билдирүү келген. Дарыгерлер ал адамды текшерген учурда андан спирт ичимдигин ашыкча колдонгондугу аныкталган жана үйүнө жеткирилген», -дешет мекемеден.

Ошондой эле, эл арасына дүрбөлөң салып, мындай жалган маалыматтарды таратпоону суранышат.