Көлдө Кипрден келген жаран дене табы көтөрүлүп, ооруканага жаткырылды

Автор -

Ысык-Көлдө жакында Кипрден келген 29 жаштагы тургундун дене табы көтөрүлүп, обсервацияга жаткырылды. Бул тууралуу маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлиги тастыктады.

Мекеменин маалыматына караганда, анын абалы туруктуу, анализдери алынды, жыйынтыгы азырынча чыга элек. Ысык-Көл районунун Жаркынбай айылынын тургуну 17-мартта Кипрден Бишкекке учуп келген. Борбордо эки күн жүрүп, айылына келген. Медицина кызматкерлери анын дене табын текшергенде 37,2 болгон. Ошондуктан ал Чолпон-Ата аймактык ооруканасына обсервацияга 23-мартка караган түнү алынган. Ата-энеси үй карантинине алынды.

Жалпысынан Ысык-Көл облусу боюнча 42 адам обсервацияда, алардын он сегизи кичи ажылыктан, он алтысы башка аймактан дааваттан, сегизи чет жакта эмгек миграциясынан келгендер. Булардан сырткары, 130 адам үй карантининде жатат.