Кой-Таш окуялары боюнча соттук отурумга Алмазбек Атамбаев катышууда

Автор -

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда бүгүн, 23-мартта Кой-Таш окуялары боюнча биринчи соттук отурум башталды. Жараянга экс-президент Алмазбек Атамбаев катышып жатат, деп билдирет анын кеңешчиси Кундуз Жолдубаева.

Белгилей кетсек, коронавирустан улам өлкөдө киргизилген өзгөчө кырдаал режими соттордун ишин токтоткон жок. 19-март күнү Жогорку Сот катышуучулардын санын чектөө менен отурумдарды уланта берүү чечимин кабыл алган.

Экс-президенттин жактоочусу Замир Жоошев Жогорку Сотко шашылыш отурумдардан башкаларын жылдырып туруу өтүнүчү менен кайрылган.

Буга чейин Биринчи май райсотунда аталган кылмыш иши боюнча алдын ала угуулар өткөн. Жараян жабык өтмөкчү.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү