Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны 42 адамга жетти

Автор -
204

2020-жылдын 24-мартына карата республика боюнча коронавирус инфекциясын жуктуруп алган дагы 26 адам катталды. Ошону менен оору жуктургандардын жалпы саны 42 адамга жетти, деп билдиришти республикалык штабдан.

Алар төмөнкү медициналык мекемелерде жайгашкан:

— Бишкек шаарындагы Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканада;
— Ош облустар аралык клиникалык ооруканасында;
— Ноокат аймактык ооруканасында;
— Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасында;
— Баткен облустук бириккен ооруканасында;

Мындан сырткары ооруканага жаткырылган дагы 4 адамдан алдын ала коронавирус бар деген жыйынтык чыгарылды (контролдук изилдөөлөр жүргүзүлүүдө). Ошондой эле 96 адамдын анализдери шектүү реакция болуп, азырынча терс жыйынтыгын көрсөтүүдө.

Бардыгы болуп 142 адам ооруканага жаткырылды (68 эркек, 74 аял).

Жаткырылгандардын арасында бир жашка чейинки 2 бала бар. Алардын ичинен бирөөсүндө коронавирус инфекциясы аныкталды;
6 жаштагы 1 балада – коронавирус инфекциясы аныкталды;
14 жаштагы 1 өспүрүмдө – коронавирус инфекциясы аныкталды;
Калгандарынын жашы – 16дан 86 жашка чейин.

Бөлүшүү