Ошто такси кызматы токтотулат

Автор -

Ош мэриясы шаарда такси кызматы токтотуларын кабарлады. Мэрия жүргүнчү ташып иштеген айдоочулардан үйдөн чыкпай отурууну өтүнгөн.

23-марттан тарта Ош шаарына башка райондордон жарандардын кирүүсүнө убактылуу чектөө киргизилди. Шаардын мэри Таалайбек Сарыбашовдун буйругуна ылайык, шаарга кире турган жети жерге санитардык-карантиндик пост орнотулган. Бул блокпосттордо санитардык кызматкерлер дезинфекциялоо иштерин жүргүзүп, айдоочулардын дене табын өлчөп жатышат.

Кыргыз өкмөтү 22-марттан тартып өлкө аймагында бир айга өзгөчө кырдаал киргизди. Бишкекте жана Ошто кичи автобустар токтоп, троллейбус жана чоң автобустар гана иштеп жатат.
Бөлүшүү