Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын саны 65 адамга жетти

Автор -

Бүгүн, 26-мартка карата Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын саны 5 адамга көбөйүп, бейтаптардын жалпы саны 65 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Министрликтин маалыматы боюнча, инфекция Фергана шаарынын Сауд Арабияга кичи ажылыкка барып келген жашоочусунан (аял киши), келини жана 2 баласынан аныкталды. Алар учурда жугуштуу оорулар ооруканасында дарыланып жатат.

Ал эми дагы бир бейтап Ташкент облусундагы клиникада дарыгерлердин көзөмөлүндө.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү