«Grand Princess» кемесиндеги эки кыргыз жаранынан коронавирус табылган жок

Автор -

АКШда коронавируска байланыштуу карантинге алынган эки кыргыз жаранынын анализи таза чыгып, коё берилди. Бул тууралуу 27-мартта Кыргызстандын АКШ жана Канададагы элчилиги кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, Калифорния штатынын жээгинде карантинге кармалган «Grand Princess» круиздик кемесинин бортунда жүргөн Кыргызстандын эки жараны менен 5-марттан бери тыгыз байланыш болуп турган.

Кеме карантинге кармалгандан кийин жүргүнчүлөр Жоржия штатында жайгашкан карантиндик борборго көчүрүлгөн.

«Бир нече жолу өткөрүлгөн тесттин натыйжасында карантиндик борбордун медициналык кызматкерлери кыргыз жарандарында коронавирус инфекциясы жоктугун тастыкташты»,- дейт элчилик.

АКШда коронавирусту жуктуруп алгандар 26-мартта 85 миң кишиге жетип, дүйнө жүзүндө илдет аныкталгандардын саны боюнча биринчи орунга чыкты.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү