УКМК: Фейк маалыматтарды тараткан сайт аныкталды

Автор -

Интернетте чындыкка туура келбеген маалыматтарды жарыялап жаткан сайт аныкталды. Бул туурасында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, өлкөдөгү коомдук-саясий абалды курчутууга багытталган мыйзамсыз иш-аракеттерге бөгөт коюу жана алдын алуу максатында Интернет
мейкининдеги мониторинг жана анализ иштерин жүргүзүүдө, 2020-жылдын
25-мартында чындыка дал келбеген маалыматтарды жарыялап тараткан «The
Asia Times» маалыматтык сайты аныкталды.

«Аталган сайт «Кыргызстанда коронавирустан эки адам каза болду» деген аталыштагы жалган маалыматты таркатып, Кыргызстандагы калк арасында паникалык маанайды жараткан.

Бул факты боюнча сотко чейинки өндүрүштүн материалдары КР Кылмыш-жаза кодексинин 344-беренеси (Билип туруп жалган маалымат таратуу) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Азыркы учурда тергөө жүрүп жатат.