Бүгүнтөн тарта Бишкекте өткөрмөнү онлайн алса болот

Автор -

Бүгүнтөн тарта Бишкекте өткөрмө берүү боюнча электрондук тутум иштеп баштады. Бул туурасында бүгүн, 30-мартта өткөн брифингде Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди.

Анын айтымында, документтерди  кабыл алуу, иштеп чыгуу жана берүү Бишкектеги 4 райондук башкармалыкта ишке ашырылат – Ленин, Биринчи май, Октябрь жана Свердлов райондорунда.

«Санариптештирүүнүн алкагында өткөрмө берүү боюнча электрондук тутум ишке киргизилип жатат, эми үйдөн чыкпай туруп эле өткөрмөлөрдү алууга болот. Ошондой эле, 1312 ыкчам байланыш номери иштейт», -деди ал.