Бишкекте коменданттык саатты бузган 122 жаран кармалды

Автор -

Өткөн суткада коменданттык саат ичинде борбор калаада 122 тартип бузган жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев бүгүн, 30-мартта брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, саат 20:00дөн саат 7:00гө чейин жалпы 122 жаран кармалса, алардын: 23ү аял, 97 эркек, анын ичинде 2 чет элдик жаран жана 2 өспүрүм.

«Коменданттык саат киргизилгенден бери жалпы 739 адам кармалган», — деди Бишкек ш. коменданты Алмазбек Орозалиев.

Эскерте кетсек, президент Сооронбай Жээнбеков 25-марттан тарта Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизүү жөнүндөгү жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, өзгөчө абал киргизилген аймактарда саат кечки сегизден эртең мененки саат жетиге чейин көчөдө себепсиз жүрүүгө толук тыюу салынган.