Чүйдө дезинфекция иштери тууралуу жалган маалымат тараткан жаран кармалды

Автор -

Чүйдө медициналык кызматкерлердин дезинфекция жүргүзүп жаткан иштери тууралуу туура эмес маалымат тараткан адам кармалды. Бул туурасында УКМКдан билдиришти.

2020-жылдын 27-мартында УКМК жүргүзгөн ыкчам-издөө иш чараларынын алкагында Чүй облусунун Ивановка айылынын 53 жаштагы тургуну Маинкуй Ибрагим аныкталды. Ал медициналык кызматкерлер дезинфекция өткөзүп жаткан учурду видеого тартып, туура эмес комментарий менен таркатып жиберген.

Аны менен профилактикалык иш чаралар өткөзүлгөн соң, кылган ишинин туура эместигин мойнуна алып, жалган маалымат бергендиги үчүн кечирим сурады.

И.Маинкуйдун аракеттерине юридикалык баа берилет.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети коронавирустун  таралышы боюнча жалган маалыматтарды, ушактарды тараткан тараптар мыйзам чегинде жоопко тартыларын эскертет.